СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

232 СУРОО: Аттарын атай аласызбы? ЖООП: Атай алам: Адам, Идрис, Нух, Худ, Салих, Ибрахим, Лут, Исмаил, Исхак, Якуб, Юсуф, Аййуб, Шуайб, Муса, Харун, Дауд, Сулайман, Юнус, Иляс, Аляса, Зулкифл, Закария, Яхя, Иса, Узайр, Лукман, Зулкарнайн жана Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.). Узайр, Лукман жана Зулкарнайн (алейхимуссалам)дарды кээ бирөөлөр «Булар – олуя пенделер», – дешкен. СУРОО: Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) качан жарык дүйнөгө келген жана качан бул дүйнө менен кош айтышкан? ЖООП: 571–жылы, рабиъ ул–аввал айынын 12 синде дүйшөмбү күнү таңда төрөлгөн жана ошол эле айдын 12 синде 632–жылы дүйнөдөн кайткан. СУРОО: Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) Меккеден Мадинага качан хижрет кылган (көчкөн). ЖООП: Миладий 622–жылы хижрет кылган. Хижрет – Исламий жыл санактын башталышына айланган. СУРОО: Периште эмне? ЖООП: Периштелер – Аллах Таала нурдан жараткан, каалаган келбетке айлана ала турган жана дайыма ибадат менен алек болуучу, күнөөсүз макулуктар. СУРОО: Төрт чоң периштелер кайсылар? ЖООП: Жабраил, Микаил, Исрафил жана Азраил (алейхимуссалам).

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=