СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

231 СУРОО: Өткөн жана келе турган адамдардын эң улуусу ким? ЖООП: Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.). СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын эң пазилеттүү неберелери кимдер? ЖООП: Хасан жана Хусейн (разияллаху анхума). СУРОО: Булар кимдин балдары? ЖООП: Али жана Фатима (р.анхумаа)нын балдары. СУРОО: «Пайгамбар» деп кимге айтабыз? ЖООП: Аллах Тааланын өкүмдөрүн адамдарга жеткирүү үчүн Аллах Таала милдеттендирген улуу адамдарга айтабыз. СУРОО: Аллах Таала тарабынан макулуктарга жөнөтүлгөн пайгамбарлардын саны канча? ЖООП: Пайгамбарыбыздан айтылган бир маалымат боюнча 124 миң, башка бир маалымат боюнча 224 миң. СУРОО: Куранда аты аталган Пайгамбарлардын саны канча? ЖООП: Жыйырма сегиз.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=