СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
230 СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын канча уулу болгон? ЖООП: Үч уулу болгон; Касым, Абдуллах (башка аты – Таййиб) жана Ибрахим (разияллаху анхум). СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын жубайларынын аттарын атай аласыңбы? ЖООП: Ооба, атай алам: 1–Хадижа, 2–Савда, 3–Айша, 4–Хафса, 5–Зейнеп бинти Хузайма, 6–Умму Салама, 7– Зейнеп бинти Жахш, 8–Жувайрия, 9–Умму Хабиба, 10– Сафия, 11–Маймуна, 12–Мария (разияллаху анхунна) энелерибиз. Булардан Хадижа (разияллаху анха) энебиз Пайгамбарыбыздын биринчи жубайы. Бул энебиз – Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан 15 жаш улуу болуп, 25 жыл бирге өмүр сүрүшкөн. СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын 53 жашынан кийин үйлөнүүсүнүн себептеринин кээ бирлерин айтып бере аласыңбы? ЖООП: Пайгамбарыбыз (с.а.в.), кээ бир жубайларына урууларды Ислам динине тартуу, өзгөчө аялдарга тиешелүү маселелерди аялдар аркылуу үйрөтүү үчүн үйлөнсө, ал эми кээ бирлери менен аларды жакырчылыктан куткаруу, ар– намыстарын коргоо максатында үй–бүлө курган. Негизги максат – аялдар аркылуу динди жаюу болгон. СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын эң акыркы болуп көз жумган жубайы ким? ЖООП: Умму Салама (разияллаху анха) энебиз.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=