СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
228 СУРОО: Аллах Таала бул тообаны кабыл кылабы? ЖООП: Ооба, кабыл кылат. СУРОО: Диниң кайсы дин? ЖООП: Ислам дини. СУРОО: Китебиң кайсы китеп? ЖООП: Куран Керим. СУРОО: Кыбылаң кайсы тарап? ЖООП: Каабаи Муъаззама. СУРОО: Кимдин урпагынансың? ЖООП: Адам (а.с) дын урпагынанмын. СУРОО: Кимдин миллетиненсиң? ЖООП: Ибрахим (а.с) дын миллетиненмин. 50 СУРОО: Кимдин үммөтүнөнсүң? ЖООП: Мухаммед (с.а.в.) дын үммөтүнөнмүн. СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кайда төрөлгөн жана азыр кайда? ЖООП: Меккеде төрөлгөн. Элүү жашынан кийин Мадинага көчкөн. Азыр Мадинада «Равзаи Мутаххара»да. СУРОО: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын канча аты бар? ЖООП: Жакшы аттары көп. Бирок,, төртөөнү билүүбүз керек. Алар: Мухаммед, Мустафа, Ахмад, Махмуд. 50 Миллет - сөздүктө эл, улут, коом, мазхаб жана дин деген маанилерди билдирет. Бул жерде «дин» маанисинде колдонулган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)га пайгамбарлык берилгенге чейин, ширк жана башка адашкан ишенимдерден аруу «Ханиф» динин тактап айтканда Ибрахим алейхиссаламдын дининин негиздерине көрө жашаган. Ибрахим алейхиссалам - бүткүл мусулмандарга өрнөк болуучу улуу пайгамбарлардын бири. Пайгамбарыбыздын ата-теги Ибрахим пайгамбарга барат. Ал өтө такыбалыгы менен «Ханиф» деген атка конгон. Бул жөнүндө бир канча аяты - карима түшүрүлгөн. Ошондой эле, «Хаж» сүрөсүнүн 78-аятында ушундай деп айтылат: «..(Ислам) атаңар Ибрахимдин миллети (дини)..»
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=