СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
227 СУРОО: «Аллах Таала канчоо?» – дегендерге эмне деп жооп бересиң? ЖООП: «Аллах Таала жалгыз», – деп жооп беремин. СУРОО: Аллах Тааланын жалгыз экендигине далилиң эмне? ЖООП: «Ихлас» сүрөсүнүн биринчи аяты. СУРОО: Ал аяттын мааниси кандай? ЖООП: «Айткын, (Эй, сүйүктүүм Мухаммед!): – Аллах жалгыз», – деген маанини билдирет. СУРОО: Аллах Тааланын жалгыз экендигине акыл менен биле турган далилиң барбы? ЖООП: Бул ааламдын бар экендиги, андагы мыйзам жана тартиптин так улануусу. СУРОО: Аллах Тааланын заты жөнүндө ойлонууга болобу? ЖООП: Ойлонууга болбойт. Себеби, биздин акылыбыз Аллах Тааланын заты жөнүндө ойлонууга алсыз. Аллах Тааланын жалгыз сыпаттары жөнүндө ой жүгүртүүгө болот. СУРОО: «Ыйманы яис (үмүтсүз ыйман)» деген эмне? ЖООП: Фараон сыяктуу өлүп баратып ыйман келтирүү. СУРОО: Аллах Таала бул ыйманды кабыл кылабы? ЖООП: Жок, кабыл кылбайт. СУРОО: «Тообаи яис (үмүтсүз тооба)» деген эмне? ЖООП: Ыйман жана жакшы амалдары болгон адамдын өлүп баратып күнөөлөрүнө тооба кылуусу.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=