СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

226 МУСУЛМАН БАЛАСЫНА КЭЭ БИР ДИНИЙ СУРООЛОР СУРОО: Сен мусулмансыңбы? ЖООП: Алхамдулиллах, мусулманмын. СУРОО: «Мусулманмын» деген сөздүн мааниси кандай? ЖООП: Аллах Тааланы жалгыз деп билүү, Куран Керимди жана Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) ды кабыл кылуу. СУРОО: Кайсы убактан бери мусулмансың? ЖООП: «Балаа» дегенибизден бери мусулманмын. СУРОО: «Балаа» убагы эмнеге айтылат? ЖООП: «Алмустак» дооруна айтылат. Б.а. Аллах Таала рухтарыбызды жараткан кезде, аларга кайрылып: «Аласту бираббикум» (Мен силердин Раббыңар эмесминби?) – деп сураган. Рухтарыбыз да: «Балаа» (Ооба, Сен биздин Раббыбызсың!) – деп жооп беришкен. Бул – мен ошол убактан бери мусулманмын дегенди билдирет. СУРОО: Раббың ким? ЖООП: Аллах Таала. СУРОО: Сени ким жаратты? ЖООП: Аллах Таала. СУРОО: Сен кимдин кулусуң? ЖООП: Аллах Тааланын кулумун.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=