СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

20 ТӨРТ ЧОҢ ПЕРИШТЕ 1. Жабраил (а.с.): Аллах Тааланын китептерин, буйрук жана тыюуларын Пайгамбарларга жеткирүүгө милдеттүү, Аллах Таала менен Пайгамбарлардын арасында ортомчу жана элчи. 2. Микаил (а.с.): Табият окуяларын ишке ашырууга милдетүү. Мисалы шамал, жамгыр, эгин ж.б.у.с. нерселердин болуусун ишке ашырат. 3. Исрафил (а.с.): Сурнайдын чалынышына, кыямат күнүнүн башталуусуна, адам жана жиндердин акыретте тирилүүсүнө жооптуу. 4. Азраил (а.с.): Бардык ажалы жеткен жан- дыктардын жанын алууга милдеттүү. Б.а., Аллах Тааланын буйругу менен алардын жанын (рухун) алат. Айрыкча, ар бир инсанда милдеттүү 384 периште бар. Булардын ичинен Кирааман Каатибиин деген периште инсан кандай амал жасаса аны жазып турууга милдеттүү.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=