СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
207 Коркунучтуу Түш Көргөндө Окулуучу Дуба Коркунучтуу бир түш көргөн адам, түшүнүн акыйкатта жаман болбоосу үчүн «Хуаллахзии...» аятынан баштап Хашр сүрөсүнүн акырына чейин окуп жана бир жолу Фатиха, он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуп, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын рухуна багыштап: «Эй Раббым, эгер көргөн ушул түшүм жакшы түш болсо, жакшылыгыңды улант. Жаман түш болсо, жакшылыкка өзгөрт. Жакшы болсо бизге, жаман болсо, душмандарыбызга болсун» деп бата кылат. Жакшы түштүн акыйкатта болуусу үчүн дагы бир жолу Фатиха, он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуп, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) га багыштайт. Бай Болуу Үчүн Окулуучу Дуба Аллахтын уруксаты менен бай болуу үчүн таң эртең менен жана кечке маал окуш керек.۪ يَا حَم۪يدَ الْفِعَالِ ذَا الْمَنِّ عَلٰىجَم۪يعِ خَلْقِه۪ بِلُطْفِه Окулушу: Яа хамиидал фиьаали зал манни ьала жамиьи халкихи билутфихи. 39 39) Мааниси: Эй бүтүн жасагандары мактоого татыктуу болгон жана мээримдүүлүгүн жалпы макулукка берүүчү Аллахым.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=