СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
203 ушунчалык көп осуяттарды айтты, мен кошуна, кошунанын мүлкүнө мураскер болуп калабы, – деп ойлой жаздадым» , – деген. 2- Конокторго карата милдеттерибиз: Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кимде–ким, Аллах Тааалага жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, коногун сыйласын» , – деп айткан. «Бут кирген үйгө кут кирет» демекчи, конок келген жерге кут, береке да кошо келет. Башка бир хадисишарифте: «Конок келген үйүнө он ырыс менен келет. Бирөөсүн өзү жейт, тогузу ошол жерде калат» , – деп айтылат. Үйү–жайы, мүмкүнчүлүгү болгон мусулмандардын шарият эрежелерине көңүл бурган абалда, конокторун урматтап тосуулары, зор мааниге ээ болгон милдеттерден болуп саналат. 3- Коомдогу башка милдеттерибиз а) Башкалардын акыларын таануу, эч кимге зыян бербөө; башкалардын ар–намыс, аброй жана жеке мүлкүнө карата аяр болуу; б) Жакшылык кылуу жана эч кимге көрө албастык кылбоо; в) Башкаларды кемсинтпөө, шылдыңдабоо; г) Башкалардын айыптарын ачыкка чыгарбоо.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=