СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

202 эми ал нурга жетпегендерге, ошол нурду жеткизүү үчүн жасалат. Акыйкат менен жалган, ак менен кара дайыма түркүн көрүнүштөрдө бири–бири менен күрөшүүдөн токтобогондуктан, жихад да ар жерде, ар мезгилде, кыяматка чейин улана бермекчи. Жихаддын бул түрү «сырткы жихад» болсо, ал эми «ички жихад» да бар болуп, ал – адамдын өз денесиндеги жамандыкка буюруучу напсине каршы күрөшүүсү. Жихаддардын эң зору, эң чоңу – мына ушул. Пайгамбарыбыз(с.а.в.)дынжихаддынмаанилүүлүгүн кабар берген хадистеринен кээ бирлери: • «Кимде–ким Аллах Тааланын жолунда жихад кылбай жана көңүлүндө жихад кылууну ойлобой өлсө, эки жүздүүлүктүн ичинде өлөт». Мындайдан Аллах сактасын! • «Жихад – ар бир мусулман эркек жана аялга парз». МУСУЛМАНДАРДЫН КООМДОГУ МИЛДЕТТЕРИ 1- Кошуна акысына көңүл буруу: Үй–бүлө жана тууган–уруктардан кийин эле, жашообузда эң жакын адамдарыбыз – кошуналарыбыз. Кошуна мамилелерине абайлоо; колубуз, тилибиз жана башка аракеттерибиз менен алардын тынчын албообуз зарыл. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Мага Жабраил периште кошуна акысы тууралуу

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=