СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

201 Мисалы: Эгер руху хайваний тарбиясыз калтырылса, денедеги бийлик «руху хайваний»нин колуна өтөт, мындай дене «аммаара» сыпатында калып калат жана убакыттын өтүшү менен руху хайваний, руху султанийди жеңет. Мындан ары ал дененин ээсинин айбандан айырмасы калбайт. Балким, андан да төмөндөп, «хасират дуня вал ахира» болуп, дүйнө жана акырет бактысынан куру калат. Эгерде руху султаний, руху хайванийди өз каалоосуна таштабай, ар дайым күрөшкө улантса, руху хайваний кааласа, каалабаса ага баш ийет. Бара–бара Аллахтын буйруктарын аткарып баштайт. Мына ушул кишилердин кутулууга жетүүсү үмүт кылынат. Бирок,, дагы да жоготууга учуроосунан коркулат. Анткени, напсинин куу айла–амалдарыарбын. ЖИХАД Жихад – жалгыз Аллах Тааланын динин жаюу үчүн гана жумшалган дем–күч. Мусулмандар күнүмдүк аткаруулары буйрук кылынган ибадаттар менен бир катарда, жихад менен да милдеттендирилген. Бидъат жана бузукулуктарга каршы күрөшүү, ыйманды жана адеп–ахлакты кемирип, жок кылчу жараяндардын жоюлуусу үчүн мал–жаны менен аракеттенүү – ар бир мусулман баласынын эң негизги милдети. Жихад – Аллах Тааланын сөзүн даңагазалоо үчүн болот. Мындайча айтканда, тавхид келмесинин нурун жайып, ал нурга бөлөнгөндөрдүн ыйманын коргоп, ал

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=