СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

200 вазири – «аклы маъааш» болуп, имамы болсо – шайтан. Ал, ушул шайтандар менен кеңешип иш тутат. Ал эми, «Рухи султаний»нин вазири болсо – «акылы маъаад» болуп, анын имамы периштелер болот. Бул болсо, периштелер менен кеңешип иш жасайт. Руху хайваний – жеп–ичүү, кийинип–жасануудан зоок табат. Тактап айтканда, ал көрүнүштө адамды зооктандырган бардык нерседенырахаттанып, күчөйөт жана «Руху султанийди» жеңет. Ал эми, Руху султаний болсо, Аллахты зикир кылуу, ой жүгүртүү, ибадат кылуу жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларынан сактануу сыяктуу амалдардан ырахаттанат жана Руху хайванийни жеңгенге булар менен күч топтойт. Жогоруда айтылгандай, булар денеде өкүм жүргүзөт. Бирөөнүн сыпаты экинчисине карама–каршы болгондуктан, ар дайым бири–бири менен күрөштө болушат. Руху хайванинин негизги сыпаты – «Аммаара биссууи» болуп, ашыгы менен жамандыкка буйруучу, аябай күнөөгө үгүттөөчү, – деген маанини билдирген, «напс» деп аталат. Ал – Аллахтын «Жалаал» сыпатынан жаралып, дайыма Аллахтын ыраазычылыгына терс иштерден зооктанып, күч табат. Руху султанинин негизги сыпаты – тазалык, тунуктук. Ага«инсан»депаталат. (Инсанушулсыпаткаээболгондо гана чыныгы адам боло алат). Бул сыпат Аллах Тааланын «Жамаал» сыпатынан жаралган болуп, дайыма Аллах Тааланын ыраазылыгында болуп, андан эч айрылгысы келбейт. Ошондуктан, бул экөөсү бири–бирине каршы болуп, ар дайым дене мамлекетинде салгылашууда болушат.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=