СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
199 Окулушу:«Субхааналлаахи ва бихамдихи субхаан- аллаахил ъазиим астагфируллаахал аъзиима ва атуубу илайка». Айрыкча чоң күнөөлөрдү иштеп алгандар, төмөндөгү дубаны дайым окуп жүрүүсү зарыл: اَللّهُمّ مَغْفِرَتُكَ اَوْسَعُ مِنْ ذُنُوب۪ى وَرَحْمَتُكَ اَرْجٰى عِنْد۪ىمِنْ عَمَل۪ى Окулушу: «Аллаахумма магфиратука авсаъу мин зунуубии ва рахматука аржаа ъиндии мин ъамалии». Адамдагы бардык күнөөлөр жана жаман адаттардын башкы себепчиси – «напси аммаара» (ар дайым жамандыкка үгүттөөчү напси). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) напси тууралуу: “Сенин эң чоң душманың – эки кашыңдын ортосундагы напсиң”, – деген. Мухаммед Шамсуддин Нури азиреттеринин «Мифтаахул кулуб» (Жүрөктөрдүн ачкычы) аттуу китебинде напси аммаара жөнүндө ушундай делет: Нафси Аммаара Адам баласында эки рух бар; бирөөсү – «рухи хайваний» деп айтылат. Ал Аллах Тааланын «Жалаал» сыпатынан жаратылган. Экинчиси болсо – «рухи султааний» деп аталат. Ал Аллах Тааланын «Жамаал» сыпатынан жаратылган. Денеде ушул эки падышанын бирден вазири жана бирден имамы бар, дене табияты ушулар аркылуу башкарылат. «Руху хайваний»нин
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=