СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

19 ПЕРИШТЕЛЕРГЕ ИШЕНҮҮ Ыймандын экинчи шарты - периштелерге ишенүү. Периштелер нурдан жаратылган, каалаган сүрөт жана келбеттерге айлана алган руханий жана назик макулуктар. Периштелер эркек жана аял болуп бөлүнбөйт. Алар Аллах Тааланын буйруктарын кынтыксыз аткарат, күнөө кылбайт, чарчабайт жана тажабайт. Ичип–жеш сыяктуу муктаждыктары жок. Алардын кээ бири көктө, кээ бири жерде жана кээ бири Аршта өз милдеттерин аткарууда. Алардын санын жалгыз Аллах Таала гана билет. Периштелердин ичинен төрт чоң периште бар. Алар периштелердин Пайгамбарлары болот.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=