СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

198 тилеген пендени Жараткан ырайымдуулугу менен кечирим жана хидаятка жеткирерин ачык айгинелеп турат. Тообанын Кабыл Болуусунун Шарттары Адам кылган күнөөсүнүн зыян экенин билүүсү керек. Анткени, күнөө адамды дүйнө жана акырет бактылуулугунан куру калтырат. Адам жасаган күнөөсүнө жүрөгү сыздап, өкүнүч менен сезүүсү керек. Кайрадан күнөө жасабоого өзүнө убада берип, сөзүндө турууга аракеттенгени туура. Бир күнөө иш жасаган кезде, артынан дароо жакшылык жасап, истигфар айтуусу керек. Эң чоң истигфар – «тасбих» намазы болуп саналат. Бирөөгө зулумдук кылган болсо, ал адам менен мусулмандык акыларын адалдашып, ыраазычылыгын алуу керек. Жүрөгү капилетте болуп, күнөө кылууну каалап турса, жалгыз гана тили менен тооба кылуусу жана кечирим суроосу пайдасыз. Чоң истигфарِ َسُبْحَانَ اللِّ وَبِحَمْدِه۪ سُبْحَانَ اللِّ الْعَظ۪يم اَسْتَغْفِرُ اللّ َ الْعَظ۪يمَ وَاَتُوبُ اِلَيْك

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=