СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

197 Таалага тооба келтирүү жана кечирим суроо. Айрыкча жүрөгүндөгү жаман ниеттен, жаман ой–максаттардан, сезимдерден арылып, бушайман болуп, жаш агызуу. Адам баласы күнөө кирлеринен тазалануу үчүн тооба жана кечирим суроону үзбөй улантуусу керек. Өзгөчө, түн жарымында жана эртең мененки убактарда намаз окуп жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) га салаваттар айтып, дуба кылып Аллах Тааладан кечирим тилөө зарыл. Үмүтсүздүк туура эмес “Мен ушунча жакшылык иш жасадым, эми бейишке киремин” деген сыяктуу түшүнүктө болуп, Аллах Тааланын каарынан кутулдум деп өзүнө ишенүү күпүрчүлүк болот. “Мен баланча күнөө кылдым тозокко ылайыктуумун, андан кутулуш жок” деген сыяктуу үмүтсүздүккө түшүү да каапырлык. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) “Мусулман коркуу менен үмүт ортосунда болуусу зарыл” деп баяндаган. Момун, мусулман Аллах Тааланын мээриминен үмүтүн үзбөөсү, өз кемчиликтеринен улам коркууда болуусу керек. «Бейишке бир киши кирет» десе, «Ошол, мен болсом керек» деп үмүт этүүсү, «Тозокко бир адам кирет» десе, «Ошол, мен болсом керек» деп, коркуп жашаш керек. Бир хадис кудсийде Аллах Таала: «Пендем Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир кулач жакындаймын. Пендем Мага басып келсе, Мен ага чуркап барамын» деген. Бул хадис – кечирим жана хидаят (туура жол)

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=