СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

196 7- Жетимдин малын жеш, 8- Мусулман ата–энеге каршы чыгуу, 9- Харам Шарифте (Меккедеги жана Мадинадагы мечитте) күнөө кылуу, 10- Сүткордук кылуу, 11- Уурулук жасоо, 12- Ичкилик ичүү. Дайым жасалган кичине күнөөлөр да чоң күнөөгө айланат. Күнөө дартынан кутулуунун дарысы– БУЛ ТООБА ЖАНА КЕЧИРИМ СУРОО Суу жана самын материалдык кирди кетирип тазалаганы сыяктуу эле, жүрөктү карартып, адамды тозокко алып бара турган руханий оору жана дактарды да, тооба, истигфар жана Аллах Тааладан коркуп көздөн аккан бушаймандык жаш тазалайт. Негизинен адам баласы – таза жана кооз кылып жаратылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) адам жүрөгүнүн жаратылыштан күзгү сыяктуу тунук жаратылганын баяндаган. Инсан дилин шек, азгыруу, бузукулук, жамандык, өч алуу жана көрө албастык сыяктуу бузуку сезимдер менен карартып алса, ал адам коркунучтуу бир ооруга чалдыккан болот. Бул оорудан кутула албаса, (Аллах сактасын!) бара турган жери – тозок болот. Бул оорудан кутулуунун чарасы – Аллах

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=