СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
195 «Баланын дени–сак болсун, бир жери сынып, жаракат көрбөсүн!» – деген максатта акика курмандыгынын сөөктөрүн сындырбай мүчөлөсө же болбосо, «Кичи пейил болсун, текеберчилик сыяктуу жаман мүнөздөрдөн аруу болсун!» – деген ниет менен сындырса да болот. Эки абал да мустахап болуп саналат. Акика курмандыгынын этинен ээси, жесе жана башкаларына жедирсе болот. Эттин бир бөлүгүн же баарын же болбосо, жандыктын өзүн тирүү бойдон башкасына ыроолосо да болот. КҮНӨӨ ДЕГЕН ЭМНЕ? Күнөө – Аллах Таала тыйып, арам кылган бардык нерселер. Күнөөлөр экиге бөлүнөт: 1- Чоң күнөөлөр, 2- Кичине күнөөлөр. Негизги Чоң күнөөлөр: 1- Аллах Таалага шерик кошуу (шек келтирүү), 2- Күнөөсүз адамды өлтүрүү, 3- Намыстуу аялга жалган жалаа жабуу, 4- Ойноштук кылуу, 5- Согуштан качуу, 6- Сыйкырчылык кылуу,
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=