СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
194 чалуу арам кылгандыгыңдан улам, ордума ушул малды курмандыкка чалып жатам, кабыл кыл эй Раббым! Бисмиллаахи Аллааху акбар» деп мал мууздалат. Эгер мууздоону билсе, өз курмандыгын ар ким өзү чалса жакшы болот. Эгер мууздоону билбесе, башка бир мусулман кишини өкүл кылып мууздатып жанында туруусу абзел. Союлган малдын этин үчкө бөлөт. Бир бөлүгүн өз үй–бүлөсүнө, экинчи бөлүгүн жоро–жолдошторуна, туугандарына, үчүнчү бөлүгүн кедей–кембагалдарга садака катары таратылат. АКИКА КУРМАНДЫГЫ Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн Аллах Таалага шүгүр катары чалынган курмандыкка “Акика курмандыгы” деп аталат. Акика курмандыгын чалуу мустахаб болуп эсептелет. Акика курмандыгы наристе төрөлгөн күнүнөн баштап каалаган учурда союла берет. Бирок,, баланын төрөлгөнүнүн жетинчи күнүндө чалуу абзел болуп саналат. Баланын төрөлгөнүнө жети күн болгондо, наристенин чачы алынып, ымыркай кыз же эркек бала болсун, бир курмандык чалынат. Эркек бала үчүн эки курмандык чалууну айткан аалымдар да бар. Важиб курмандыктагы шарттаргажоопбергенкурмандык, акикакурмандыгына да жарактуу болот.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=