СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
193 КУРМАНДЫК Курмандык – Аллах Таалага жакындоо ниети менен Курман айт күндөрү кой, эчки, уй жана төө сыяктуу курмандыкка ылайык болгон жандыкты курман чалуу. Битир садакасын берүү важиб болгон адамга курмандык чалуу да важиб. Нисабга жетээрлик малы бар, азат жана жергиликтүү ар бир мусулманга важиб. Курмандык өз жанына каршылык катары чалуу керек. Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн ыклас менен союлган малдын, эң биринчи аккан каны менен күнөөсү кечирилет. КУРМАНДЫК ЧАЛУУ УБАКТЫСЫ Курмандык чалуу убактысы – майрам күндөрүнүн биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү. Бирок, күндөрүн жакшылап билүү керек. Мүмкүнчүлүгү болсо, үчүнчү күнгө калтырбай биринчи күнү курмандык чалуу абзел. КУРМАНДЫК ЧАЛУУ ТАРТИБИ ЖАНА НИЕТИ Курмандыкка арналган малды кыйнабастан, кыбылага каратып жаткызуу керек. Үч жолу «Аллааху акбар Аллааху акбар лаа илааха иллаллааху валлааху акбар аллааху акбар ва лиллаахил хамд» деп такбир айтып, мындай ниет кылат: «Эй Раббым! Менин денем Сага каршы чоң күнөө жасады, кечирилишим үчүн денемди Сага курман чалышым керек. Бирок сен, шариятыңда адамды курман
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=