СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

189 Нисаб – зекеттин важип болуусу үчүн диндин белгилеген өлчөмү. Нисабдын өлчөмү, адам карызынан жана негизги муктаждыгынан тышкары 20 мискал (80,18гр. алтын) 33 , ага тең акча же соода буюмуна ээ болушу шарт. Негизги муктаждыктар; үй жана үйгө керектүү заттар, кийим кече, тиричилик буюумдары, китептери, унаа (ат же машина) жана азык – түлүктөр. Ар бир 40 сомдон 1 сом зекет берилет. Малдардын зекети, түрүнө карап берилет. Мисалы: 40 койдон бир кой, 5 төөдөн бир кой, 30 уйдан эки жашар музоо. Баалуу таштардан да (алтын жана күмүш сыяктуу) зекет берилет. ҮШҮР Үшүр – дыйканчылык жолу менен өстүрүлгөн түшүмдүн зекети болуп, анын ондон бири берилет. Эгер жер, акча төлөнүп сугарылса, жыйырмадан бири берилет. Жер түшүмдөрүнө буудай, арпа, күрүч, таруу, дарбыз, бадыраң, баклажан, беде, зайтун, күнжүт, бал, кызылча ошондой эле жер–жемиштер баары ушул сыяктуулар кирет. Дыйканчылык жолу менен өстүрүлгөн түшүмдөрдүн адал болуусу үчүн милдеттүү түрдө үшүр берилүүсү тийиш. 33) Мискалды граммга которгондо сандардын артүрдүү болуп калуусу (20 мискалдын 80 гр, 80,18 гр. 85 гр. болуусу) караттын, арпанын саны жана арпанын географиялык шарттарына көрө сапаттуулугу жана оорлугуна карай өзгөргөнү себеп болгон.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=