СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

188 ЗЕКЕТ Зекет – жылда бир жолу мал–мүлк менен аткарыла турган ибадат. Бай Мусулмандардын Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн мал–мүлкүнөн кырктан бирин; Курани Керимде айтылган сегиз жердин бирине мүлк кылып берүү. Зекеттин парз болуусунун шарттары: Балакат жашына толгон, акыл–эстүү, азат жана карызы болбогон, өз муктаждыгынан артык жана бир жылдан өткөн нисаб өлчөмүндөгү мал–мүлккө ээ болуусу керек. Нисап өлчөмүнө жеткен мал мүлктүн көбөйүп туруусу шарт. Алтын жана күмүш көбөйбөсө да нисаб (зекет берүү чеги) өлчөмүнө жетсе зекет берилет.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=