СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
187 абалдардантазаболуусу, итикафканиет кылуусу зарыл. Итикаф мечитте же мечит өкүмүндө деп эсептелген бир жерде аткарылуусу керек. Важиб итикафты аткарууда орозолуу болуу шарт. Аялдардын өз–үйлөрүндө мечит кылып колдонгон жайы алар үчүн мечит өкүмүндө болуп саналат. Итикафка кирген адамдын себепсиз мечиттен чыгуусу же аялы менен жыныстык катнашта болуусу итикафты бузат. Итикафка кирген адамдын диний же инсандык муктаждыгынан улам мечиттен сыртка чыгуусу итикафты бузбайт. Жума намазын окуу үчүн эң жакын мечитке баруусу сыяктуу. БИТИР САДАКА Рамазан айында берилүүсү зарыл болгон садака. Нисаб өлчөмүндөгү мал–мүлккө ээ болгон ар бир мусулманга важиб. Важиб болуунун шарттары: Мусулман болуу, боштондукта болуу жана негизги зарыл муктаждыгынан сырткары мал–мүлкүнүн нисабка жетүүсү. Зекетке окшоп, мал–мүлктүн көбөйүүсү жана бир жыл өтүүсү шарт эмес. Зекет бериле турган жерлерге битир садакасын берсе болот. Битир садакасыны важиб болгон убактысы – орозо айт күнү таң аткандан, баштап айт намазынын убагы бүткөнгө чейин. Бул убакыттан мурун берсе да болот.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=