СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
186 ТАРАВИХ НАМАЗЫ Таравих намазы – Рамазан айынын сүннөтү. Эркек жана аялга сүннөт муаккада болгон, жыйырма рекеттүү намаз. Жамаат менен окуу сүннөт. Жалгыз окууга да болот. Куптан намазынан кийин, витир намазынан мурун окулат. Эки же төрт рекетте бир салам берилет. Ар бир саламдан кийин бир аз олтуруу сүннөт. Бул убакта салават, салати уммийа жана аят, дубалар окулат. Намазга туруп жатканда «Аллахумма салли алаа саййидина Мухаммадин ва алаа аали саййидина Мухаммад» деп айтат. Имам таравих намазын окутканда жамаатка көңүл бөлөт. Жамаатта Шафий мазхабындагылар бар болсо, эки рекетте бир салам берет. ИТИКАФ Итикаф – жамаат менен намаз окулган мечитке же мечит өкүмүндөгү бир жерде итикафка ниет кылып, ошол жерде бир канча убакыт калуу. Итикаф: важип, сүннөтү муаккада жана мустахаб болуп үчкө бөлүнөт. Назир кылынган итикаф важиб болуп саналат. Рамазан айынын аягындагы 10 күндүк итикаф кифая жолу менен сүннөтү муаккада (кээ бирлеринин аткарылуусу менен башкалардын мойнундан түшкөн ибадат) болуп саналат. Мындан башка учурда таат– ибадат максатында аз убакыт болсо да, мечитте кылынган итикаф мустахаб болуп саналат. Итикафтын шарттары: Итикафка кире турган киши; Мусулман болуусу, акылдуу болуусу, жунуп, айыз жана нифас сыяктуу
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=