СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

184 6- Ийне сайдыруу, 7- Мурунга дары тамызуу, 8- Кулагына май тамызуу, 9- Таң ата элек деп ойлоп тамак жеш, 10- Күн батты деп ойлоп тамак жеш, 11- Кусканда оозуна келген нерсени чыгарбастан кайра жутуу; 12- Башка адамдын түкүрүгүн жутуу, 13- Өз түкүрүгүн сыртка чыгарып, кайра жутуу, 14- Суу же май менен нымдалган манжасын уяттуу жерлерине киргизүү, 15- Тиши канаганда, кан түкүрүктөн көп же бирдей болсо аны жутуу, 16- Күйгөн нерсенин түтүнү тамагына кетүү. Орозону бузган, каза жана каффаратын Өтөй турган учурлар 1- Билип туруп ичип–жеш, 2- Билип туруп жыныстык катнаш жасоо, 3- Билип туруп тамеки чегүү, 4- Бирөөнүн артынан ушактагандан кийин (орозо бузулду деп ойлоп), билип туруп орозосун бузуу, 5- Аялынын же жакшы көргөн бир адамынын түкүрүгүн жутуу. Жогорудагы айтылган иштердин бирин кылган адам орозонун казасын кармап жана эки ай (60 күн) удаа орозо кармайт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=