СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
183 ОРОЗО ДА ЭКИГЕ БӨЛҮНӨТ: 1- Түндө ниет кылуу керек болгон орозолор: Рамазан айындагы казасы, нафиле орозодон бузулган орозо, күн сайын удаалаш кармала турган орозо жана каффаарат, күнү белгилүү болбогон назир орозолору. Буларга түндөн ниет кылуу шарт. 2- Түндө ниет кылуу керек болбогон орозолор: Рамазан айында кармалган орозо, убактысы белгилүү болгон назир жана нафиле орозолор. Бул орозолорго түндөн ниет кылуу шарт эмес. Бул орозолорго түндө ниет кылса да, күндүз түшкө чейин ниет кылса да болот. Рамазан айында кандай орозого ниет кылбасын, кармаган орозо баары бир Рамазан орозосуна кирет. ОРОЗОНУ БУЗУП, КАЗА КЫЛГАН УЧУРЛАР 1- Орозо экенин билип туруп, тамагына бир нерсе жүгүрүп кетсе, 2- Оозуна же мурдуна алынган суунун адашып тамагына жүгүрүп кетсе, 3- Рамазан орозосуна ниет кылбай туруп тамактануусу, 4- Орозо кармагандыгын унутуп, тамак жегенден соң орозосу бузулбаса да, орозом бузулду деп, нерсени атайлап жесе, 5- Оозго кирген карже жамгыр суусун каалабастанжутуу,
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=