СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

182 ОРОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ 1. Парз, 2. Важиб, 3. Сүннөт, 4. Мандуб, 5. Нафиле, 6. Макүрү. 1- Парз орозо: Рамазан айындагы орозо, анын казасы жана каффарат орозосу. 2- Важиб орозо: Бузулган нафиле орозонун казасы жана назир орозосу. 3- Сүннөт орозо: Мухаррам айынын 9–күнү менен бирге, Ашура күнү б.а., 10–күнү кармалган орозо. 4- Мандуб орозо: Ар бир айда үч күндөн кармалуучу орозо. Бул үч күндүк орозо «Аййами бийз» делет. Камарий айлардын 13,14,15–күндөрүндө кармала турган орозо; 5- Нафиле орозо: Жогорудагы айтылган орозолордон башка макүрү болбогон убактардагы орозолор нафиле болот. 6- Макүрү орозо: Ашура күнү гана кармалган орозо (б.а., мухаррам айынын 10–күнү гана кармалган орозо). Орозо айт майрамынын биринчи күнү, Курман айттын 1, 2, 3, 4–күндөрү кармалган орозолор арамга жакын макүрү (тахриман макүрү).

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=