СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

17 3. Бакаа: Соңу болбоо, түбөлүктүү болуу. Аллах Тааланын бар болуусунун соңу жок. 4. Вахданият: Бир болуусу. Затында жана сыпатында жалгыз болуп, шериги жок болуусу. 5. Мухаалафатунлилхаваадис: Жаратылгандарга эч окшошпоо. Аллах Таала жаратылган нерселердин эч бирине окшобойт. Акылга эмне келсе, Аллах (ж.ж) андан башка. 6. Кыям бинафсихии: Аллах Таала эч бир нерсеге муктаж эмес. СЫФААТЫ СУБУУТИЙЯ Аллах Тааланын сыфааты субуутийясы сегиз; 1. Хайат: Тирүү болуу, Аллах Таала тирүү жана тирилтүүчү; 2. Илим: Билүү, Аллах Таала бардык нерсени билүүчү, жада калса жүрөктөрдөгү жашыруун ниеттерди да билет; 3. Самиъ: Угуу, Аллах Таала бардык нерсени угат; 4. Басар: Көрүү, Аллах Таала караңгы түндө, кара таштын үстүндөгү кара кумурсканын жүргөнүн көрөт жана баскан дабышын угат; 5. Ирадат: Каалоо, Аллах Таала эмнени кааласа, анын баарын каалагандай жасайт; 6. Кудрат: Кудуреттүү, күчүнүн бардык нерсеге жетүүсү, Аллах Тааланын бардык нерсеге кудурети жетет;

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=