СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

177 МИЪРАЖ ТҮНҮ Миъраж түнү – Ражаб айынын 27–түнү, б.а., 26 сынан 27 сине караган түн. Бул түндө куптан намазынан кийин 12 рекет хажат (муктаждык) намазы окулат. Ар бир рекетте Фатихадан кийин он жолу Ихлас сүрөсү окулуп, экинчи рекетте бир салам берилет. Намаздан кийин: • 4 жолу Фатиха сүрөсү окулат, • 100 жолу төмөнкү дуба окулат:ُ ِسُبْحَانَ اللِّ وَالْحَمْدُ ِِّ وَلَ اِلٰهَ اِلّ اللُّ وَاللُّ اَكْبَر وَلَ حَوْلَ وَلَ قُوّةَ اِلّ بِاللِّ الْعَلِىِّ الْعَظ۪يم Окулушу: «Субхааналлахи вал хамду лиллахи ва лаа илааха иллаллааху валлааху акбар ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил алиййил ъазиим». • Кийин 100 жолу төмөнкү дуба окулат:َ اَسْتَغْفِرُ اللَّ الْعَظ۪يمَ وَاَتُوبُ اِلَيْك Окулушу: «Астагфируллаахал ъазиима ва атүүбү илайка». • Кийин 100 жолу «салават» окулат. Жогоруда айтылган намазды 12 рекет ордуна 100 рекет окуса да болот.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=