СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

175 КАСИЕТТҮҮ ТҮНДӨР АТКАРЫЛА ТУРГАН ИБАДАТТАР МАВЛҮД ТҮНҮ Мавлүд түнү – Раббиъул аввал айынын он экиси, б.а, он биринен он экисине караган түн. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөнү шарапаттандырган түн. Бул кечеде тасбих намазы окулат. Ал намазга ниет мындайча кылынат: «О Раббым! Бул түндө төрөлүшү менен дүйнөнү нурга бөлөгөн, сүйүктүү Пайгамбарың, башыбыздын таажысы Пайгамбарыбыздын урматына алсыз кулуңду кечирип, нуруңду бере көр. Аллааху акбар.» РАГАИБ ТҮНҮ Рагаиб түнү –Үч айдын алгачкысы болгон Ражаб айынын биринчи жума түнү, тактап айтканда бейшембиден жумага караган түн болот. Бул кечеде (түндө) шам менен куптан намазынын ортосунда он эки рекет хажат намазы окулат. Эки рекетте бир салам берилет. Хажат намазга ниет мынадайча кылынат: «О Раббым! Мени Пайгамбарыбыздын урматына, нуруңду, кечиримиңди жана ыразылыгыңды насип кыла көр. Алсыз кулуңду таква заттарың арасына жаз. Дүйнө жана акырет кыйынчылыктарынан өзүң корго.»

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=