СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

174 Убактылуу журт (ватани сукна) Жолоочунун 15 күндөн аз мөөнөткө калууга ниет кылган жана ватани аслийдан 90 чакырым же андан да узакта жайгашкан жер, – ватани сукна деп аталат. Ватани сукнада төрт рекет парз намаздар эки рекет болуп окулат. КУРАНДАГЫ САЖДА АЯТТАРЫ Куран Керимде тилават саждасы бар аяттардын бир четине « سَجْدَه » деп жазылган. Куран окуган киши бул аятты окуган кезде сажда кылуу важиб болот. Ал киши кыбылага карап, колдорун көтөрбөстөн «Аллааху акбар» деп саждага барат. Саждада үч жолу «Субхаана раббийал ъаалла» дейт. Андан соң «Аллааху акбар» деп такбир айтып тик турат. Андан кийин «Самиънаа ва атаънаа гуфраанакараббанаа ваилайкалмасиир»депбата кылат. Сажда аятын уккан адамда сажда кылуусу важип болот. КУРАН КАРИМДЕГИ САЖДА АЯТТАРЫ 1. Аърааф сүрөсү 206–аят 2. Раъд сүрөсү, 15–аят 3. Нахл сүрөсү, 49–аят 4. Исра сүрөсү, 107–аят 5. Марям сүрөсү, 58–аят 6. Хаж сүрөсү, 18–аят 7. Фуркан сүрөсү, 60–аят 8. Намл сүрөсү, 25–аят 9. Сажда сүрөсү, 15–аят 10. Саад сүрөсү, 24–аят 11. Фуссилат сүрөсү, 37–аят 12. Нажм сүрөсү, 62–аят 13. Иншикаак сүрөсү, 21–аят 14. Алак сүрөсү, 19–аят

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=