СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

173 Туулган ата журт (ватан аслий) Инсандын туулган же үйлөнгөн жери. Ал жерде төрөл- бөгөн же үйлөнбөгөн болсо да, ал жерде жергиликтүү (муким) калууну ниет кылса, ал жер ватани аслий деп эсептелет. Ватани аслий башка бир ватани аслийге көчүү менен бузулат. Мисалы: инсан, башка шаардан үйлөнүп, аялы туулуп өскөн ошол шаарда дайыма калууга ниет кылса, анда өзү төрөлгөн жер ватани аслий болбой калат. Эски ватан аслий мекенинде он беш күндөн аз мөөнөткө калууну кааласа, төрт рекет парз намаздарын эки рекет кылып окуйт, жолоочу болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да Мадинадан өзү төрөлгөн жана үйлөнгөн Меккеге келгенде намаздарын кыскартып окуган. Бир кишинин бирден көп аялы болуп, алардын ар кайсынысы башка–башка шаарларда жашаса, ал киши ошол шаарлардын эч биринде мусапыр болуп эсептелбейт. Ватани аслий ватани икомат менен бузулбайт. Жашаган журт (ватани икомат) Жолоочунун эң аз 15 күн калууга ниет кылган, ватани аслийден 90 чакырым узактыкта жайгашкан жери ватани икомат болуп эсептелет. Бул жерде намаздар кыскартылбастан төрт рекет кылып толук окулат. Ватани икомат башка ватан икомат менен жана ватани аслийге кайра баруу менен бузулат. Ватани икомат ватани сукна менен бузулбайт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=