СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
172 болсо, имам менен бирге салам берет. Эгер жамаат жергиликтүү болсо, имам салам бергенден кийин туруп, намаздын калган 2 рекетин өздөрү улантып окуп бүтүрүшөт. Мындай абалда жамаат кийинки рекеттеринин кыямында Фатиханы окуп – окубоодо ыктыярдуу болот. Эгер окубаса Фатиха окуганчалык убакыт өткөрүп, анан рүкүгө кетишет. Жогорудагы сүрөттөлгөнжолоочу, эгермусапыр болуп келгеншаарда же айылда 15 күнже андан көп күн калууну ниет кылса, тек кана жолдо кыскартып окуйт. Келген жерде намаздарын толук окуп, ал жерде болгон убакытта жолоочулук өкүмүнөн чыккан болот. Эгер 15 күндөн аз калууга ниет кылса же иши бүтпөгөн себептүү бүгүн кетем, эртең кетем деген ой менен бир ай же көптөгөн жылдар калып кетсе да жолоочу өкүмүндө болот. Жолоочу киши өзүнүн журтуна кайтып келгенде жолоочулук өкүмүнөн чыгат. Өзүнүн журтунда аз мөөнөткө калса да баары бир муким (жергиликтүү) эсептелип, бардык намаздарын толук окуйт. Жолоочу киши сапарда каза кылган төрт рекеттүү парз намаздарын сапар учурунда же мекенине кайтып келген учурда, эки рекет кылып казасын окуйт. Эгер муким болгон учурда төрт рекет парз намазын каза кылса, кийин сапарга жөнөп кетсе, сапарда болсо да төрт рекет кылып казасын окуйт. Мекен (журт) үч түрдүү болот: 1. Туулган ата–журт (ватани аслий). 2. Жашаган мекен (ватани икомат). 3. Убактылуу мекен (ватани сукна).
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=