СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
171 САПАР БАЯНЫ Сапар кургактыкта төө менен же жөө жүрүү аркылуу 18 сааттык (бүгүнкү өлчөм менен 90 чакырым), деңизде болсо, 60 милдик узакка чыгуу. Ушунчалык жерге жолоочулук кылган адамды шарият боюнча «жолоочу» (мусапыр) дейт. Кандай унаа менен болсо да кыска убакыттын ичинде барса да, ниет кылып жолго чыккан киши сапар өкүмдөрүнө баш ийет. Жолоочу айыл же шаар четинен чыгуу менен сапарда деп эсептелинет. Рамазан айында орозо кармабаса болот. Кармабаган күндөрүн кийин казасын тутат. Бирок, ден–соолугуна зыян тийбесе, орозо кармоосу дурус. Жолоочу төрт рекеттүү парз намаздарды эки рекет кылып кыскартып окуйт. Шам намазынын парзын, витир намазын кыскартпай толук окуйт. Жолдо кыйынчылык жок болуп, душман коркуусу болбосо конок үйлөрүндө кенен убакыт болсо, сүннөттөрдү толук окуусу керек. Эгерде коркуу же убактысы кыска болсо сүннөттөрдү окубайт. Кимде–ким төрт рекет парз намазын сапарда жүргөн кезинде төрт рекет кылып окуса, ката кылган болот. Ошол себептен истигфар айтуусу керек. Мындан тышкары намазды узартып, саламды кечиктиргендиги үчүн савх сажда важиб болот. Эгер жолоочу имамга уюп намаз окуса, төрт рекет окуйт. Эгер жолоочу адам имам болсо, имам болгонун жамаатка айтат, эки рекет окуп салам берет, жамаат арасында жолоочулар
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=