СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
170 Кабыр зыяраты Эркектер жана аялдар үчүн кабырларды зыярат кылуу мандуб (сооптуу амал). Кабыр зыяратында 1 жолу Фатиха, 11 жолу Ихлас окуп, сообун өтүп кеткен рухтарга багышталат. Ясин жана Такасур сүрөлөрүн окуу сооптуу амал. Куран окуу үчүн кабырлардын үстүнө олтуруунун зыяны болбосо да, Куран окубастан кабырларды басуу, үстүнө уктоо, таштанды таштоо макүрү. Эгер кабырларды басуу зарыл болсо, 1 жолу Фатиха, 11 жолу Ихлас окуп, кабырларда жаткан жалпы мусулмандарга багышталгандан кийин басып өтүү мүмкүн. Кабырдын үстүндөгү чөптөрдү жулуу жана дарактарды кыюу макүрү. Себеби, өсүп турган чөптөр менен дарактар астында жаткан өлүктөрдүн күнөөлөрүнө кечирим болот. Куурап калган чөп менен даракты тазалоо үчүн кесип жулууга болот. Эң жакшысы аны да кылбоо дурус. Кабырдагы дарактарды үйүнө алып келип жагуу туура эмес. Ушуларга абдан көңүл бөлүп кароо зарыл.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=