СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

16 АЛЛАХ ТААЛАГА ИШЕНҮҮ Ыймандын жети шартынын биринчиси - Аллах Таалага ыйман келтирүү. Аллах Таала бар. Анын заты, бардык кооз сыпаттары менен толукталган, бардык кемчилик сыпаттардан таза жана аруу. Аллах Тааланын сыпаттары «сыфааты заатийя» (Аллах Таалага гана тиешелүү сыпат) жана «сыфааты субуутийя» (адамдарга да кандайдыр бир деңгээлде берилген, Аллах Тааланын сыпаты) деп экиге бөлүнөт. СЫФААТЫ ЗААТИЙЯ Аллах Тааланын сыфааты заатийясы алтоо: 1. Вужуд: Бар болуу, Аллах Таала бар. 2. Кидам: Башталгычы болбоо, эзелтен болуу. Аллах Тааланын бар болуусунун башталгычы жок.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=