СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

167 2- Жаназа намазынын ичинде имам үнүн чыгарып «Аллааху акбар» дегенде, кээ бир адамдар баштарын бир аз көтөрөт. Бул ката жана туура эмес. 2- Жаназа намазы окула турган жер таза эмес болсо, же бут кийими таза болбосо, бут кийимин чечип үстүнө туруу зарыл. Кабыр жана көмүү Жаназа намазы окулгандан кийин, табытты төрт жагынан кармап, көтөрүп алып баруу сүннөт. Алды жактагы адам да табытты оң ийнине коёт. Андан кийин табыттын экинси тарабындагы адамдар табытты сол ийнине коюшат. Ушул эле абалда оң кадамдан көтөрүп барышат. Табытты алып бара жаткандар тезирээк жана теңселтпей жүрүшү керек. Өлүктү алып баратканда, үн чыгарып зикир кылуу, кабырга барганда өлүк жерге коюлганга чейин олтуруу макүрү болот (ката иш). Кабыр эң аз дегенде адамдын белинче тереңдикте, өлүк кенен бата тургандай болуп казылат. Андан да терең казылса, жакшы болот. Кабыр казылып бүткөндөн кийин жер катуу болсо жайы (лахад) казылат. Мындайча айтканда: кабырдын кыбыла тарабы өлүк бата тургандай кылып казылат жана өлүк ошол жерге коюлат. Өлүк кабырга кыбыла жагынан түшүрүлөт. Жайга койгон киши өлүктү оң капталынан жаткызып, жүзүн кыбылага бурат. Өлүктү кабырга коёрдо «Бисмиллаахи ва ъалаа миллати расуулиллаахи»

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=