СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

166 ин каана мухсинан 31 фазид фии ихсаанихии, ва ин каана мусииан фатажааваз анху, ва лаккихил амна вал бушраа вал караамата ваззулфаа бирахматика йаа архамарраахимиин» 32 Эгер жаназа жаш эркек бала болсо, жогорудагы батанын «ъалал ыймаан» дан кийин «аллаахуммаж ъалху ланаа фаратан важ ъалху ланаа ажран ва зухраа. аллаахуммаж ъалху ланаа шаафиан ва мушаафиан», – деп кошуп окулат. Эгер жаназа жаш кыз болсо, жогорудагы батанын «ъалал ыймаан» дан кийин «аллаахуммаж ъалхаа ланаа фаратан важ ъалхаа ланаа ажран ва зухраа. аллаахуммаж ъалхаа ланаа шаафиъатан ва мушаафиъатан», –деп кошуп окулат. Зарыл эскертүү: 1- Көп адамдар жаназа намазынын төртүнчү такбиринен кийин эки колун капталдарына түшүрбөй колдорун байлаган абалда салам берет же оң жакка салам бергенде оң, сол жакка салам бергенде, сол колун түшүрөт. Бул аракеттин экөө тең туура эмес. Туурасы – төртүнчү такбирди айтаар замат эки колун түшүрүп, анан салам берүү. (Дурар 1/53) 31) Эгер маркум аял болсо " ин каанат мухсинатан фазид фии ихсааниха, ва ин каанат мусииатан фатажааваз анху, ва лаккихил амна" делет. 32) Мааниси: «О Аллах Таала, биздин тирүүлөрүбүздү, өлгөндөрүбүздү, ушул жердегилерибизди, бул жерде жокторубузду, чоңдорубузду, кичинелерибизди, эркектерибизди, аялдарыбызды кечире көр!О, Аллах Таала! кимге жашоо берсең ислам менен жашат. Кимге өлүм берсең, ыйман менен өлтүр. Жана ушул өлүккө жеңилдик бер, ырайымыңа, кечиримиңе жана ыраазылыгыңа жеткир.О Аллахым эгер бул жакшы амал жасаган болсо мээримиң менен аны көбөйт, эгер күнөөкөр болсо күнөөлөрүн кечир. Муну тынчтыкка, сүйүнүчкө, кереметке жакындыкка жеткир. Эй ырайымдуулардын эң ырайымдуусу».

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=