СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

164 2- Өлүктүн жуулуп, таза кепинге оролуусу, 3- Өлүк – имам менен жамааттын алдында болуусу, 4- Өлүктүн бардык денеси же болбосо, денесинин көпчүлүк бөлүгүнүн бар болуусу. Эгер Жаназанын денесинин көпчүлүк бөлүгү жок болсо же денесинин жарымы бар болуп бирок, башы жок болсо, жуулбайт, жаназа да окулбайт. Бир кездемеге оролуп көмүлөт. Жаназа намазынын окулушу Жаназа намазы төрт такбир жана кыямдан турат. Бул намазда сажда жана рүкү жок. Имам өлүктүн көкүрөк тушуна турат. Жамаат имамдын аркасында сап болуп тизилип турат. Жаназанын эркек же аял экендиги жарыя кылынат. Жамаат ошол боюнча ниет кылат. Ниет: «Ниет кылдым Аллах ыраазычылыгы үчүн жаназа намазын окууга, ушул (эркек же аял) үчүн бата кылууга, уюдум ушул имамга» деп жүрөктөн ниет кылып, имамдын артынан такбир айтат. Биринчи такбирди айтканда, эки кол кулакка чейин көтөрүлүп, киндик астына байланат. Субхаанакадагы «вата ъаала жаддука» дан кийин «ва жалла санааука» кошулуп окулат. Артынан кол көтөрүлбөстөн, экинчи такбир айтылат. Бул такбирди имам сыртынан айтат, ал эми жамаат ичтен айтат. Кийин «Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик» окулат. Андан кийин үчүнчү такбир айтылып,

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=