СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

163 Жеткиликтүү өлчөмдө кездеме табылбаганжагдайда эркектерге «изар» менен «лифафа», ал эми аялдарга «изар», «лифафа» жана «жоолук» пайдаланылат. Бул да табылбаган учурда өлүктү ылайыгы келген таза кездемеге ороп көмүлөт. Кепиндин ак түстүү жана пахта кездемеден болгону жакшыраак. Өлүк кандай кепинделет? «Камис» (жеңи жок тигилбеген көйнөк) менен өлүктүн мойнунан тизе астына чейин. «Изар» менен башынан аягына чейин кепинделет. «Лифафа» башы менен аягынан бир карыштан ашыкча болот жана эки учуну бууп байланат. Кепин алгач сол, кийин оң жагынан оролот, б.а, кийимдин тескериси. Кепинде чөнтөк менен жака болбойт, жээктери тигилбейт. Аялдардын кепини: булардан сырткары көйнөктүн үстүнөн жоолук жана көкүрөк жапкычы болуп, беш кабат кездемеден турат. ЖАНАЗА НАМАЗЫ Жаназа намазы – диндеш бир туугандарыбызга бата максатында окулуучу «парзы кифая». Жаназа намазын окуу үчүн төмөндөгү шарттар керек: 1- Өлгөн адамдын мусулман болуусу. Мусулман болгону белгисиз болгон адамга жаназа намазы окулбайт,

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=