СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

162 буюм же таш коюлат, өлүк жуулганга чейин жанында Куран окулбайт. Башка бөлмөдө куран окулса боло берет. Жууларда буту кыбылага каратылып тактайдын үстүнө жаткырылат. Уят жерлери ачылбастан, кийими чечилип, жылуу суу менен жуулат. Жууп жаткан адам колуна чүпүрөк ороп, өлүк балагатка толгон болсо уят жериндеги жапкычты ачпай туруп жууйт. Оозу менен мурдуна суу алдыртпастан даарат алдырат. Эгер өлүктүн жунуп болгону белгилүү болсо, анда оозу менен мурдуна дагы суу берип жууйт. Жунуп болбосо, сөөмөйүндөгү чүпүрөк менен илебин ичини, мурдуну жана киндигини аарчып койот. Башы менен сакалыны самындап жууйт. Бирок, чачтарыны тарабайт. Андан кийин жууй турган адам өлүктү сол жак кыры менен жаткызып, оң жагын, андан кийин оң жак кыры менен жаткырып, сол жагын жууйт. Андан кийин өлүктү өзүнө жөлөп отургузуп, курсагын басып сыдырат. Эгер жаман нерселер чыкса, суу менен жуулат. Кайра даарат алдыруу зарыл эмес. Өлүк таза бир чүпүрөк менен кургатылып, кепинге оролот. Кепин Кепин – кайтыш болгон мусулманды орой турган кездеме. Кепин эркектер үчүн «камис», «изар» жана «лифафа» деген үч бөлүктөн турат. Ал эми аялдарга «камис», «изар», «лифафа», «жоолук» жана «көөдөн» (көкүрөк) жапкычы болуп 5 бөлүктөн турат.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=