СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

161 10 жолу – эки сажданын ортосундагы кыска олтурууда (жалса). 10 жолу – экинчи саждада. Биринчи рекетте окулган тасбихтердин саны – 75. Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү рекеттерде да ушундай тартипте окулат. Экинчи рекеттен кийин отурганда, «Аттахияттан» кийин «Аллахумма салли жана Аллахумма барик» окулат. Үчүнчү рекетке турган кезинде «субхаанака» окулат. Үчүнчү жана төртүнчү рекеттер биринчи жана экинчи рекеттер сыяктуу окулат. Тасбих намазынын пайдаларын көптөгөн аалымдар айтып сунуштап кеткен. Бул намазды күнүмдүк адатка айлантуу – «мустахаб» (өтө жакшы амал). Окууну билбегендер бул чоң соопко ээ болуу үчүн жамаат менен окуса да болот. Жамаат менен окулса, имам алгач намазды жамаатка окутууну назир кылат жана намазда тасбихтерди үн чыгарып окуйт. Жамаат болсо угат. ЖАНАЗА ТУУРАЛУУ Өлүм төшөгүндө жаткан мусулман, оң капталы менен жаткырылып, жүзү кыбылага каратылат. Күбөлүк келимеси айтылып, «Ясин» сүрөсү окулат. Жаны чыккандан кийин бир чүпүрөк менен жаагы таңылып. Көздөрү жумдурулуп, эки колу эки жанына түздөлөт. Шишип, көөп кетпеси үчүн курсагына темир

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=