СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
160 Аны окуганыңда күнөөлөрүңдүн алгачкы жана кийинкилери, жаңы жана эскиси, билбей же атайын кылган, кичине жана чоң, жашыруун же ашкере болгондору кечирилет. Күчүң жетсе, бул тасбих намазын ар күнү оку, окуй албасаң айына бир жолу оку. Аны да аткара албасаң жылына бир жолу, ага да күчүң жетпесе, жок дегенде, өмүрүңдө бир жолу оку!» деп осуят айткан. Тасбих намазынын окулушу Тасбих намазы – төрт рекет. Бул намазда 300 жолу төмөнкү тасбих окулат:ُ سُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ ِِ وَلَ اِلٰهَ اِلّ اللهُ وَاللهُ اَكْبَر وَلَ حَوْلَ وَلَ قُوّةَ اِلّ بِاللهِ الْعَلِىِّ الْعَظ۪يمِ * Окулушу: Субхааналлаахи валхамду лиллаахи ва лаа илааха иллаллааху валлааху акбар ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил ъалиййил ъазиим. Тасбихтин намаз ичинде окулуш тартиби: 15 жолу – Субхаанакадан кийин (Фатихадан мурун). 10 жолу – кошумча сүрөдөн кийин. 10 жолу – рүкүдө. 10 жолу – рүкүдөн турганда (тик турганда). 10 жолу – биринчи саждада.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=