СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
159 ДУХА НАМАЗЫ Духа намазында да жүз сооп бар. Аллах Таала мунун 75ин бул дүйнөдө, 25ин акыретте берет. Ошого ылайык духа намазын окуп улантып жүргөндөр дүйнө кыйынчылыгын тартышпайт. Духа намазы күн чыккандан 45 мүнөттөн кийин эки рекетте бир салам берип, алты рекет окулган намаз. ТАХАЖЖУД НАМАЗЫ Тахажжуд намазынын сообу чексиз. Дайым окуп жүргөндөрдүн дубасы кабыл болот жана даражасы жогору болот. Бул намазды Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эч таштабаган. Бул да эки рекетте салам берилип, алты рекет болуп тахажжуд убактысында окулат. Тахажжуд убактысы бешим намазы кирген убакка 12 саатты кошкондон башталып, ооз жабуу убактысына чейин созулат. Бул намаздардын ниеттери жана кандай окулуусу жөнүндө «Ыйык күндөр жана түндөрдө сунушталган дуба жана ибадаттар» китебинде кеңири түшүндүрүлгөн. ТАСБИХ НАМАЗЫ Тасбих намазы – тообонун, истигфардын (кечирим суроонун) эң улугу болуп, бардык денеменен аткарылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) абасы Аббаска кайрылып «тасбих намазы« тууралуу ушундай деп айткан экен: «Эй аба! Сага он касиети бар намазды үйрөтөйүн.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=