СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
158 баштайт. Эң башынан баштоо уруксат болсо да, жашы улгайган кездеги казага калган намаздардын жазасы оор болгондуктан, кечиримди үмүт кылып акыркы казасынан баштап окуусу жакшыраак. Парз намаздардын жана витирдин казасы окулат. Сүннөттөр каза болбойт. Каза намазы макүрү убактардан тышкары ар убак окула берет. Каза намазы болгон адам – беш убак намаздын сүннөттөрүн, тахажжуд, авваабин, духа, тасбих намаздарын жана ыйык кечелерде окулган хажат намаздарын окуса болот. Буларды окуусунда зыян жок. КЭЭ БИР НАФИЛЕ НАМАЗДАР Парз намаздарын окуу менен бирге нафиле намаздарды; аввабин, тахажжуд, духа жана тасбих намаздарын да кылууга аракет кылуу керек. Себеби, буларда чексиз чоң сооптору бар. Бир хадис кудсийде Аллах Таала: «Кулум парздарды аткаруу менен Менин азабымдан кутулат, нафилелерди аткаруу мененМага жакындайт» деген. АВВАБИН НАМАЗЫ Аввабин намазында жүз жакшылык (Аллахтын ихсаны) бар. Аллах Таала мунун 75ин акыретте, 25ин бул дүйнөдө берет. Ошого ылайык, аввабин намазын окууну таштабагандар махшар кыйынчылыгын көрбөйт. Аввабин намазы шам намазынын аркасынан 2 рекетте салам берип, алты рекет окулат.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=