СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
157 намаз окууну буйрук кылган. Айрыкча 33 жерде намаз зекет менен бирге буйрулган. Намаз тууралуу буйруктун ушунчалык көп жолу кайталануусу, намаздын маңыздуулугуна жана сообунун көптүгүнө ишарат кылат. Таштагандар үчүн да жазасынын, азабынын аябай оор боло тургандыгын эскертет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир хадисинде «Кыямат күнүпендесиненэңбиринчи(анын)намазытууралуу суралат» деген. Ушул эле хадисте, намаз эсебин толук бергендердин башка сурактарында жеңилдик көрө тургандыгына, толук бере албагандардын кыйын абалда кала тургандыгынан кабар берет. Бир адам, бир убак парз намаздын ордуна миллиондогон сом садака берсе же, бирөөнүн эки рекет намазынын ордуна башка адам жүз рекет намаз окуса да, намаз карызынан кутула албайт. Намаз кимге парз болгон болсо, жалгыз өзү гана аны аткара алат. Кимдир бирөөнүн кайдыгер же жалкоолуктан улам убактысында окуй албай калган намазы болсо, эч убакыт кечиктирбестен, казасын окуу керек, бул намазды казага калтыргандыгы үчүн да Аллах Таалага тообо кылып жана истигфар айтуусу зарыл. Намаз карызы болгон адам, карыздарын эсептейт. Эң акыркысынан баштап, казасын окуй
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=