СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

155 Жуманын парзындан кийин бул 10 рекет окулбаган чакта, жума намазынын шарттарынан бири жок болуп калып, кемчилик айынан кабыл болбогон болсо, ал күндөгү беш убакыт намаздын бешим намазы мойнунда карыз болуп калган болот. Себеби, жума намазы бешим намазынын ордуна окулуп жаткан намаз. Ушул себептен жума намазынын парзынан кийин окулган бул он рекет намаздын окулуусу зарыл. АЙТ НАМАЗЫ Жуманамазыпарзболгонадамдарга, айтнамаздары да важиб болот. Эки айт намазы бар: биринчиси, Рамазан айт намазы, экинчиси болсо, Курман айт намазы. Айт намазадарынын убактысы; күндүн чыккандан болжол менен 45 мүнөт өткөндөн кийин башталып, чак түшкө чейинки убакыт ичинде окулат. Айт намаздары эки рекет жана жамаат менен окулат. «ниет кылдым Аллах ыраазылыгы үчүн айт намазыны окууга, ушул имамга уюудум» деп ниет кылынат. Багымдат намазынын парзы сыяктуу болуп, айырмасы ар рекетте үчтөн кошумча такбир бар. Үчөөсү биринчи рекетте, «Субхаанакадан» кийин Фатихадан мурун, үчөөсү да экинчи рекетте, кырааттан кийин рүкүдөн алдың айтылат. Бул алты такбир важиб. Экинчи рекеттин рүкү такбири важиб

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=