СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
154 Жума намазынын туура болуу шарты алтоо: 1. Жума намаз окулган жер, шаар болуп бир жерде окуу, эгер көп жерде болсо, уруксаттуу болуу керек, уруксат берилген айылдарда да окууга болот, 3. Бешим намазынын убагында окулуусу, 2. Султан(амир)жеалдайындаганбирининокутуусу, 4. Жамаат алдында хутба окуу, 5. Имамдан башка эң азы дегенде үч киши болуу, 6. Жума окулган жердин эшиги баарына ачык болуу. ЖУМА НАМАЗЫНА НИЕТ КЫЛУУ Алгач окулган 4 рекетте «жума намазынын алгачкы сүннөтүнө» деп ниет кылат. Кийин имам менен окулган 2 рекет жума намазынын парзы болот. Кийин окулган 4 рекет жума намазынын акыркы сүннөтү болот. Андан кийин окулган төрт рекет намаз «акыркы бешим» болот. Ушундай ниет айтылат: «ниет кылдым үстүмө парз болуп да бирок, мойнумдан түшпөгөн акыркы бешим намазынын парзын окууга». Ушундай эгер, ал күндөгү жума намазынын шарттарынан бири кемчилик болгон болсо, жума намазы болбой калып бешим намазы окулган болот. Жума намазы кабыл болсо, эң соңку каза болгон бешим намазынын казасын окуган болот. Акыркы бешимден кийин окулган 2 рекетке да «убакыттын сүннөтү» деп ниет кылынат.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=