СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

153 Раббанаа аатина ...» дубаларын окуйт жана салам берип намазын бүтүрөт. Сахв саждасыны жасаган киши имам болсо, жалгыз оң жака салам берип сахв саждасыны жасайт. ЖУМА НАМАЗЫ Жума намазы, жума күнү бешим убактысында жамаат менен аткарылуусу парз болгон намаз. Беш убак намаздын шарттарынан башка, жума намазынын эки шарты дагы бар: 1. Жума намазынын важибинин шарттары, б.а, кандай мусулман адамга парз болуусунун шарттары; 2. Жума намазынын туура болуусунун шарттары. Жума намазынын важиб болуусунун шарты жетөө: 1. Эркек болуу, (аял жана кош жыныстуу болбоо) 2. Эркин болуу, (туткун же абакта болбоо) 3. Жергиликтүү болуу, (жолоочу болбоо) 4. Ден соолугу чың болуу, (намазга бара албай турганчалык оорукчан болбоо) 5. Көздөрү соо болуу, (сокур болбоо) 6. Буттары соо болуу, (аксак болбоо) 7. Намазга барууга тосо турган себеп болбоо, (душман коркуусу, катуу жамгыр, ылай сыяктуу нерселер.)

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=