СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

152 САХВ САЖДАСЫ Сахв саждасы – намаздын ичинде унутуп же капилетке түшүп кылынган кемчилик же ашыкча нерселерден келген каталарды оңдоо үчүн аткарылуусу важиб болгон сажда. Сахв саждасы аткарылуусу зарыл болгон жерлер Сахв саждасы намаз ичиндеги бир важибдин ташталуусу же кечигүүсүнөн улам же парздын жалгыз кечигишинен улам зарыл болот. Парзды таштаса сахв саждасы жетиштүү болбойт, намазды кайрадан окуу керек. Намаздын сүннөттөрүнөн кайсы бири ташталган болсо, сахв сажда жасоо керек эмес. Бирөө намазда ичинен окула турган жерде ачык сырттан окуса, витир намазында кунут дубасын таштаса же төрт рекеттүү бир намазда биринчи отурушту унутуп, үчүнчү рекетке туруп кетсе сахв саждасы жасалат. Ошентип, кемчиликтер толукталып, катасыны түздөгөн болот. Сахв саждасынын жасалышы Сахв саждасын аткаруу зарыл болгон кезде, «Аттахияттын» өзүн окугандан кийин эки жака салам берип «Аллааху акбар» деп такбир айтып арты– артынан эки сажда жасайт. Экинчи саждадан кийин отуруп «Аттахият, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=